Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чакан, кичирээк боз үй. Тез-тез орун алмашып көчүп-конуп же жортуулдап жүргөнгө ылайыкталып жеңил жасалган боз үй. Кээде кереге, түндүксүз эле ууктун баштары бириктирилип тигилген. Жолум үйдөй күрсү алган («Манас» С. К.). Жолум үй тик. Жарга тийген жеринен жолум үйдөй из калып (Жеңижок). Кеч бешимде Шамшы белинин тескейиндеги Туюк төрдө жылкычылардын жолум үйүнө түнөп түш оой айылга жакындашты. (Абакиров). Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен(«Эр Төштүк»). Жолум үйдөй даңканы, Кемпирди көздөп ыркырап («Эр Төштүк»).